ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Жүргүнчүлөр үчүн жаңы жылдык жайдары маанай!

Жаңы жылдык кездешүүнүн соңку сапары борборубуздагы коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү менен бирге болду. Белгилүү эстрада жылдыздары Кубаныч Сатаев, Үмүтай Абдышова жана “Мажор” тобу коштогон жайдары команданын капыстан автобуска кирип келиши көпчүлүктү таң калтырды. Шаар тургундарына тартууланган таттуулар, айдоочуга арналган фирмалык белек жаңы жылдык маанайды ого бетер күчөттү. Видео жана сүрөттөрдү инстаграм,…

Күтүүсүз белектер – кубанган тигүүчүлөр

Жаңы жылдык кездешүүнүн бүгүнкү багыты тигүү цехи тарапка бурулду.  Жаңы жылдык дасторкон жайып, эми майрам башталат деп турган учурга туш болдук. Жайдары атмосфера ого бетер жанданып, аяз ата, аяз кыз коштогон ырчылар тигүүчүлөр кечесин көркүнө чыгарды. Фото жана видеолорду инстаграм, Фейсбук жана телеграм каналынан көрүңүздөр.

Калк коопсуздугун ойлогон – куткаруучулар!

Жаңы жылдык кездешүүнүн кезектеги сапары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматын карай бет алды. Аяз ата,  аяз кыз куржун толо белеги менен ырчылардын коштоосунда куткаруучулардын кызмат өтөп жаткан учурунда капыстан кирип барып келе жаткан жаңы жыл менен куттуктады. Шаңдуу ырлар, таттуу сөздөр, чын дилден чыккан ыраазычылык менен…

Биз баштадык!

Сүйүнчү радиосу ар кесиптин ээлерин куттуктоо үчүн Жаңы жылдык кездешүүгө жөнөдү. Бүгүн “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин куттуктайбыз. Сүрөт, видеолорду инстаграм жана фейсбуктан suiunchu_radio дарегинен көрүңүздөр.

Жаңы жылдык кездешүү

  Сыйкырдуу Аяз ата менен аяз кыз🎅👩‍🦰 ⠀ Аларды коштогон шаңдуу жылдыздар 💃🕺🎶🎤🎷🎺 ⠀ Куржун толо белектер🎁🎁🎁 ⠀ Күтүлбөгөн кубанычтар🥳🤩 ⠀ Жаңы жылдык кездешүү🎄☃ ⠀ “Сүйүнчү” радиосу ар кесиптин ээлерин жаңы жылы менен куттуктайт🎉🎉🎉🎁 ⠀ “Сүйүнчү” радиосу капысынан кирип келип сизди куттуктайт❤️❤️❤️ ⠀ Майрамды биз менен сез🤗