ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Жылды жаңылануу менен баштаган Сайкал Садыбакасова

2020-жылдын босогосун а деп аттаганда эле жакшы жаңылык, жаңылануу менен баштаган “Кыз бурак” тобунун жетекчиси Сайкал Садыбакасова жакында жаңы чыгармаларды клиби менен кошо биринин артынан бирин тартуулаганы турат. Топтун жетекчилиги менен кошо жеке чыгармачылыгын бирге алып барып жаткан таланттуу ырчы жеке өзү төрт ыр, ал эми “Кыз бурактан” эки чыгарма…

Кыз Бурактын концертине бекер барууну каалайсызбы?

Кырк жылдык тарыхы бар Кыз Бурактын концертин көрүүнү самагандар абдан көп. А Сүйүнчү радиосунун угармандарында концертке бекер баруу мүмкүнчүлүгү бар. Дегенибиз, эртең мененки “Боорсок шоу” жана түшкү саат 13:00дө боло турган “Жайдары саат” программасындагы оюндарга катышып, жеңүүчү аталган угарманга эки кишилик чакыруу билети ыйгарылат. Өткөрүп жибербеңиз!

Кыз Бурак – 40 жашта

Кыргыз эстрадасынын легендасына айланган Кыз Бурак тобунун түзүлгөнүнө 40 жыл толду. Анын негиздөөчүсү Гулшайыр Садыбакасованын бул жылдар аралыгында колунан 320дан ашуун кыз, 60 ашык жигиттер тарбияланып, уядан учурулган. Учурдагы бул топтун жетекчилик милдетин Гүлшайыр Садыбакасованын кызы эстрада ырчысы Сайкал Садыбакасова  аткарып келет. Юбилейлик концерт Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз…