ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Жеңиш куттуу болсун Кыргызстан!

Сүйүнчү! Ырчы, дастанчы Азиз Батыров Түркиянын Ялова шаарында өткөн эл аралык фестивалда шакирттери менен 1-орунду жеңип алды. Жалпысынан 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан сынакта “Ынтымак” тобунун 10 мүчөсү өнөрүн көргөздү. Белгилей кетсек, Азиз Батыров шакирттери менен 15-июлда фестивалга катышуу үчүн Түркияга учуп кеткен.

Сүйүнчү! Кыргызстанга жеңиш жакындады!

  Кыргыздын дагы бир сыймыктуу кызы Айпери Медет кызы жеңишке жетишти. Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы чейрек финалда атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты. Ал  76кг салмакта канадалык Гресилин Дуган менен беттешип, күрөштүн биринчи бөлүгүндө атаандашын 10:0 эсебинде уткан. Ал эми жарым…