ЖАЙДАРЫ ЖАША!

КЕРЕКТҮҮ МААЛЫМАТ! Жети дубандын куда тосуудагы өзгөчөлүгүн билип алыңыз

Кыргыз эли каадасы көп калктын катарын толуктаса керек. Келин алып, кыз узатаарда, баланы бешикке салып, тушоо кесүүдө, айтор, ар бир салтта биз билген да, билбеген да каадасы көп. Ал эми куда тосуп, кудага баргандагы шаң-салтанат өзүнчө кепке арзыйт. Бул маалыматтан жети дубан элинин куда тосуудагы өзгөчөлүктөрү тууралуу билип алыңыз.  Аркан…

Баланы бешикке бөлөө салтынын маанисин билип алыңыз

Баланы бешикке эмне себептен бөлөгөнүн билесизби? Жөрөлгө кандай ырым-жырым менен коштолот?Бул суроолорго жооп төмөнкү маалыматта. Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө – кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн. Бул каада сөзсүз той менен коштолот. Ал күнү ымыркайдын таенеси ороо-чулгоосу менен кошуп…

Келиндин адептик эрежелери

  Илгертеден кыргызда келиндин кайын-журттагы орду чоң мааниге ээ болуп келген. Алардын ар бир жасаган кыймылы көңүл чордондо болуп, аларга коюлган талаптар да катуу болгон. Келиндин баскан-турганы, кыймыл-аракети анын тарбиясынан кабар берип турган. Бул салт бүгүнкү күндө да маанисин жоготпой муундан-муунга өтүп келе жатат. Келин кайната, кайненесинин, ошондой эле жолдошунун…

Бата берүүдө эмнелерди эске алуу керек?

  Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт дегендей, кыргыз эли байыртадан батага өзгөчө маани берип, анын күчүнө, касиетине ишенип келишкен. “Бата алган адамдын тилеги орундалып, жерде калбайт” деп улуу муун ар дайым аксакал карыялардын батасын алып, түбүн ичкенге ашыккан. Учурда элибизде өтүп жаткан той – мааракелерде бата берүүнүн…

А сиз бул тууралуу билчү белеңиз?

Дүйнө элдеринде биздин ойго келбеген, таң калтырчу салттар бар. Ошолордун ичнен кытайлыктардын кызды турмушка узатуудагы өзгөчө каадасын билип алыңыз. Кытай Эл Республикасынын аймагында жашаган туцзя элинин кыз-келиндерине тиешелүү салты көпчүлүктү таң калтырып келет. Турмушка чыгар алдында, тойго бир ай калганда колукту өмүрүндө ыйлап көрбөгөндөй үнүн бийик чыгарып ыйлаш керек. Антип…