ЖАЙДАРЫ ЖАША!

“Сүйүнчү” радиосунун оюндарына катышуу жана утуштарды алуу эрежелери

     Сүйүнчү радиосунун эфиринде жана @suiunchu_radio баракчасында өткөрүлүп жаткан оюндар жана сынактардын катышуучуларынын жаш курагы 16 дан жогору болушу керек. Алар өз эрки жана өз каалоосу менен оюн жана сынактарга байланыштуу жоопкерчиликти кабылдайт.

 Ар бир катышуучу оюндарга 1 айда бир жолу гана катыша алат.

Катышуучу Сүйүнчү радиосунун эфириндеги белек ойнотуу эрежелери менен тааныш экенин тастыктап, оюн/сынак/рубрикаларга катышуудан баш тартуу укугуна ээ.

Катышуучу оюнга/сынакка/рубрикага катышуу боюнча милдеттенме жана укуктарын үчүнчү жактарга бере/сата албайт.

Оюн/сынак/рубриканын катышуучусу оюнга/сынакка/рубрикага катышууга байланыштуу бардык чыгымдарды өзү төлөйт, анын ичинде телефон байланыш үчүн акы жана башка төлөмдөр дагы кирет.

Сүйүнчү радиосундагы оюн/сынак/рубрикаларга жана @suiunchu.radio баракчасында оюндар/сынактарга  компаниянын, анын бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, алардын туугандарына, өкүлдөрүнө катышууга тыюу салынат.

Уюштуруучу Сүйүнчү радиосундагы оюн/сынак/рубрикаларга буга чейин жеңүүчү болгондорду  кабыл албоо укугуна ээ.

Уюштуруучу документтерин жана тиешелүү маалыматты берүүдөн баш тарткан жана (аты-жөнү, телефон номери, инстаграмм-аккаунту тууралуу) жалган маалымат берген катышуучуга белек бербей кое алат.

Оюн/сынак/рубрикаларда жеңишке жеткенде бир маалымат берип, белектерди алып кетүү учурунда башка маалымат берген катышуучуларга Уюштуруучу белекти бербей коюу укугуна ээ.

Утуштарды алып кетүү эрежелери

       Оюндар өткөрүлгөндөн кийин белектерди берүүгө жооптуу менеджер жеңүүчү менен байланышып, аны тапшырууну уюштурат. Негизги учурларда утуштар жекеме-жеке тапшырылат: Бишкек шаары, 7 апрель көчөсү 4б, Сүйүнчү радиосу, 8-кабат, иш күндөрү 16:00 – 18:00 (майрамдык күндөрдү эске албаганда). Утуштарды алуу үчүн жеңүүчүгө жогоруда аталган дарекке, белгиленген мөөнөттө, өздүгүн тастыктоочу документ менен келиши керек. Баш байгелер белгилүү бир оюн/сынак/рубрикалардын шарты менен гана берилет.

Жеңүүчү өз утушун 2 жума ичинде алып кетиши керек, мөөнөтү өтүп кетсе, утуш жокко чыгарылат!

Утуштан баш тарткан учурда, анын акысы берилбейт.

Оюндарга катышуу менен Сиз жеке маалыматты текшерүүгө макулдугуңузду бересиз.

      Муну менен мен, Сайт Администрациясынын оюндарга катышуу талаптарына макулдугумду жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы чыкпай турган жеке маалыматты текшерүүгө  уруксаатымды берем.

Аталган макулдук маалыматты текшерүүдө убакытты чектебейт.

Жеке маалыматты текшерүүгө берген макулдукту кайра артка чакыртып алуу эрежелерин билем.

Радиостанциядан менин жеке маалыматымды колдонгон бардык байланышты кабыл алууга макулмун.