ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Майрамыңыздар менен!

Сүйүктүү кыргызстандыктарды 31-август эгемендүүлүк күнү менен Сүйүнчү радиосунун жайдары командасы куттуктайт. Өлкөбүздүн өнүгүү жолу даңгыр болуп, калк арасында ынтымак — ырашкерлик ыроолосун. Ар бир кыргыз үйүндө кубанычтар дайрадай агылып, мамлекетибиздин келечегин кура турган уул-кыздар төрөлсүн. Элибизде белгилей турчу жакшылыктын саны өсүп, ар бир үйдө Сүйүнчү жаңырсын!

Сүйүнчү радиосунун жайдары командасы жаңы сезонго даяр!

Кыргыздын той-майрамга көп күндөрүн камтыган алдыда — КҮЗ! Ал эми жайдары радиоңуз Сүйүнчүдө — ЖАҢЫ СЕЗОН! Ар таңда маанайыңызды көтөрүп сизди ойгото турчу «Боорсок шоу» программасы жаңылануу менен кайрадан эфирге кайтып келет. Угармандардын сүйүктүү ди-джейлери Бүбү жана Тилек кызыктуу рубрика, бүйүр кызыткан оюндар жана белектерди сиздер үчүн  камдады. Ал эми…