ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Майрамыңыздар менен!

Сүйүктүү кыргызстандыктарды 31-август эгемендүүлүк күнү менен Сүйүнчү радиосунун жайдары командасы куттуктайт. Өлкөбүздүн өнүгүү жолу даңгыр болуп, калк арасында ынтымак – ырашкерлик ыроолосун. Ар бир кыргыз үйүндө кубанычтар дайрадай агылып, мамлекетибиздин келечегин кура турган уул-кыздар төрөлсүн. Элибизде белгилей турчу жакшылыктын саны өсүп, ар бир үйдө Сүйүнчү жаңырсын!

Биз күткөн май – Улуу Жеңишке 75 жыл

Эркин жана жайдары жашоо тартуулаган Улуу Жеңиш майрамы куттуу болсун! Аталардын  эрдиги, энелердин эмгегинин  аркасы менен биз ачык асман алдында жана бейпил заманда жашап жатканыбызга 75 жыл болду. Эркин жашоо, нур заманга жол ачкан баатырлар калк арасында түбөлүк өчпөс болуп кала берет. Ар бир кыргыз жүрөгүндөгү жалындаган от, тайманбас айбат…

Каарман Мекен коргоочулары!

Сүйүнчү радиосунун жайдары командасы  Ата Мекенди Коргоочулардын күнү менен чын ыкластан куттуктайт! Бул майрам – мекенди сүйүүнүн, баатырлыктын жана эр жүрөктүүлүктүн майрамы. Ата Журт артында чеп болуп турчу ар бириңизге  майтарылбас кайраттуулук, эрдик жана бекем ден соолук каалайбыз. Улутубузда Мекен үчүн жан үрөгөн уул-кыздар төрөлүп, ар бир кыргыз үйүндө Сүйүнчү…