ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Сүйүнчү радиосунун жайдары командасы жаңы сезонго даяр!

Кыргыздын той-майрамга көп күндөрүн камтыган алдыда – КҮЗ! Ал эми жайдары радиоңуз Сүйүнчүдө – ЖАҢЫ СЕЗОН! Ар таңда маанайыңызды көтөрүп сизди ойгото турчу “Боорсок шоу” программасы жаңылануу менен кайрадан эфирге кайтып келет. Угармандардын сүйүктүү ди-джейлери Бүбү жана Тилек кызыктуу рубрика, бүйүр кызыткан оюндар жана белектерди сиздер үчүн  камдады. Ал эми…

Биз күткөн май – Сүйүнчүдө жакшы жаңылык!

Биз күткөн май келди. Аны менен катар жакшы жаңылыктар кулак сүйүнтүүдө. Дегенибиз, Сүйүнчү радиосунун башкы программасы “Боорсок шоу” кайрадан эфирде. Жаңы рубрика, жаңы оюн, жаңы жүз менен даярдалган шоу 11-майдан тартып жайдары толкунда. Биз менен байланышуу үчүн төмөнкү координаттар кызматта; 0312 530 976 0701 001 976 Алып баруучулар: Тилек Токтогулов…

Биздин төрдө – Кубаныч Ажыбаев

2019 жылдын соңку таңдарын “Боорсок Шоу” программасындагы жылдыздуу мейманыбыз Кубаныч Ажыбаев менен бирге тосуңуз🥳 ⠀ 27-декабрь Саат 09:00дө “Боорсок Шоу” – Таң биз менен башталат 🤗 ⠀ WhatsApp: 0701-00-19-76 ☎️: 0312-53-09-76

Биздин төрдө – Майрамбек Осмонов

13-декабрдагы күнүңүз болуп көрбөгөндөй шаңдуу башталат. “Боорсок шоу” таңкы программасынын төрүндө куйкум сөздүү куудул, ырчы, пародист жана КРнын эмгек сиңирген артисти Майрамбек Осмонов болот. Көп кырдуу талантка каалоо – тилегиңиз, суроолоруңузду төмөнкү номерлерге байланышып узатыңыз. 0312 530 976 0701 001 97 6

Биздин төрдө – Кубаныч Сатаев

Боорсок шоунун кезектеги коногу ата жолун улаган, эстрада ырчысы Кубаныч Сатаев болот. Кыргыздын легендарлуу ырчысы Чубак Сатаевдин ырларына кайрадан жан берип ырдаган таланттуу ырчыга суроолорунуз, каалоо тилегиңизди түз эфирде төмөнкү номерлерге байланышып узатыңыз. 0312 530 976 0701 001 976

Биздин төрдө – Азамат Болгонбаев

Алтын сөздүн атасы, кыргыздын сыймыктуу уулу, төкмө акын Азамат Болгонбаев 29-ноябрда “Боорсок шоу” таңкы программасынын төрүндө конок болот. Кызыккан суроолорунуз, айта турган каалоо тилегиңизди түз эфирде төмөнкү номерлерге байланышып узатыңыз. 0312 530 976 0701 001 976

Сүйүнчүдө – Жора жана Гуля

Эртең 15-ноябрь саат 9:00 дө Сүйүнчү радиосунун “Боорсок шоу” таңкы программасында Жора, Гуля деген ат менен элдин купулуна толуп жаткан Самат Эркинбеков жана Кубаныч Курманбеков конок болушат. Түз байланыштан кызыккан суроолорунузга жооп алып, боорду эзген эфирдин күбөсү болуңуз. Байланыш номерлерди эске салабыз: 0701001976 0312530976  

Кыз Бурактын концертине бекер барууну каалайсызбы?

Кырк жылдык тарыхы бар Кыз Бурактын концертин көрүүнү самагандар абдан көп. А Сүйүнчү радиосунун угармандарында концертке бекер баруу мүмкүнчүлүгү бар. Дегенибиз, эртең мененки “Боорсок шоу” жана түшкү саат 13:00дө боло турган “Жайдары саат” программасындагы оюндарга катышып, жеңүүчү аталган угарманга эки кишилик чакыруу билети ыйгарылат. Өткөрүп жибербеңиз!

Сүйүнчүдө – сиз сүйгөн коноктор

  Сүйүнчү радиосунун угармандарына эң сонун жаңылык! 1-ноябрь саат 900 дө “Боорсок шоу” программасынын төрүндө КРнын Эл артисти, легендарлуу Кыз Бурак тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова менен эстрада ырчысы Сайкал Садыбакасова болот. 60 мүнөткө созулган кызыктуу маек, жагымдуу ырлар, жайдары маанай менен таңды баштап беришет. Сиз дагы бул катарга кошулуп кызыккан…