ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Энелер күнүнө – Эне жүрөгү чыгармасы

17-май Энелер күнүнүн урматына Сүйүнчү радиосунда “Менин апам” программасы жайдары толкундан орун алды. Биринчи коногубуз ырчы, продюсер, теле алып баруучу жана үч кыздын энеси Анжелика Кайратова менен тун кызы Айыма болду. Эфир алкагында “апа” статусуна ээ болгондогу өзгөчө сезимдери менен бөлүштү. Андан тышкары кыш айларынан бери жаздырып, клип тартылып даярдалган…

Майрамдардын эң мээримдүүсү – энелер күнү!

Тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, бакубатчылыктын, сулуулуктун, жылуулуктун символу – Энелердин майрамы башка күндөн өзгөчө, башка күндөн мээримдүү. Апабыз бир күн үйдө жок болсо күлкүбүз күндөгүгө окшошпой, тамагыбыз даамсыз, көөдөндө коңулдаган боштук пайда болуп калгандай сезилет. Тогуз ай боюнда, өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүргөн Энелердин эркине эч бир күч тең тайлаша албас, мээримине…

Апа сизге ыр сунам

“Сүйүнчү” радиосу Энелер күнүнө карата инстаграм флешмоб жарыялайт. Ага катышуу үчүн эне тууралуу обондуу ыр ырдап же көркөм ыр айтып, видеого тартып өз баракчаңызга #АпаСизгеЫрСунам хештеги менен бирге @suiunchu_radio дарегин белгилеп жүктөңүз. Жеңүүчүлөр 17-май күнү, саат 20:00дө аныкталат. Эң оригиналдуу деп табылганына белектер тапшырылат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, апаңыздын көңүлүн алып, маанайын…