Майрамдардын эң мээримдүүсү – энелер күнү!

Тынчтыктын, мээримдүүлүктүн, бакубатчылыктын, сулуулуктун, жылуулуктун символу – Энелердин майрамы башка күндөн өзгөчө, башка күндөн мээримдүү. Апабыз бир күн үйдө жок болсо күлкүбүз күндөгүгө окшошпой, тамагыбыз даамсыз, көөдөндө коңулдаган боштук пайда болуп калгандай сезилет. Тогуз ай боюнда, өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүргөн Энелердин эркине эч бир күч тең тайлаша албас, мээримине эч бир жылуулукту салыштырууга болбос.Энелерди мактап, даңктаганга, алардын улуулугун жеткире сүрөттөп айтып бергенге сөздүн да күчүн жеткире албайбыз.

Жашообуздун түркүгү, ааламдын жарыгы аралар – майрамыңыздар менен!

Сүйүнчү радиосунда энелердин урматына бүгүн майрамдык эфир!

“Менин апам” программасынын төрүндө кыргыз эстрадасынын мега жылдыздары Нурлан Насип апасы менен, ал эми Анжелика кызы Айыма менен конокто болот.

Мээримдүүлүк жана жароокерликке толгон эфирди өткөрүп албаңыз.

Саат 13:00 жана 18:00

Алып баруучулар: Тилек Токтогулов, Нурайым Сыдыкова

Байланышуу үчүн: 0312 530 976 0701 001 976