Кыз Бурак – 40 жашта

Кыргыз эстрадасынын легендасына айланган Кыз Бурак тобунун түзүлгөнүнө 40 жыл толду. Анын негиздөөчүсү Гулшайыр Садыбакасованын бул жылдар аралыгында колунан 320дан ашуун кыз, 60 ашык жигиттер тарбияланып, уядан учурулган. Учурдагы бул топтун жетекчилик милдетин Гүлшайыр Садыбакасованын кызы эстрада ырчысы Сайкал Садыбакасова  аткарып келет. Юбилейлик концерт Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында 10-11-ноябрда өтсө, Ош калаасындагы Кыргыз драм театрында 15-16-ноябрда болот. Бул концертте 40жыл аралыгында Кыз Бурак тобунда ырдап кеткен мүчөлөр да катышары белгилүү  болду. Эл сүйгөн эстрада тобуна чыгармачылык ийгилик каалайбыз.