Жылдыздар менен бир толкунда бол!

Сүйүнчү! Сүйүнчү! Сүйүнчү! Угармандын эриктирбеген Сүйүнчүдө дагы бир жаңы долбоор! Биз сиздин алыстан кумир тутуп, ырларын сүйүп угуп, жолугууга ашыгып жүргөн ырчыңыз менен бир студияда, чай үстүндө отуруп, кеп алышып, бирге ырдоого мүмкүнчүлүк түзүп беребиз. Ал үчүн иш күндөрү саат 07:00-10:00 гө чейин “Боорсок Шоунун” оюндарына катышып «Жылдыздуу отурушка» жолдомо…

Сүйүнчү! Эрлан Андашев «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды

Кандай ыр жаратпасын дароо хитке айланган, океандын ары жагында жүрүп кыргыз ыр сүйүүчүлөрү үчүн мыкты чыгармаларды тартуулаган Эрлан Андашевдин эмгеги бааланды. Ал «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу ал күйөрмандарына инстаграм баракчасынан сүйүнчүлөгөн. «Сүйүнчү, достор! Күтүүсүз жерден ушундай төш белгиге ээ болуп отурам. Учурдан пайдаланып маданият, маалымат,…

Сүйүнчү! Ырчы Айпери Кубик кызы кыздуу болду!

Сүйүнчү! Бүгүн 5-сентябрда ырчы Айпери Кубик кызы кыздуу болду. Ал бул тууралуу инстаграм баракчасынан сүйүнчүлөдү. Белгилей кетсек, буга чейин ырчы жолдошу Шухрат менен Даян жана Раян аттуу уулдарды тарбиялап келишкен. Ымыркайдын боосу бекем болуп, ар бир кыргыз үйүндө Сүйүнчү жаңырсын!

Сүйүнчүдө — жаңы сезон!

Ар дайым угармандын көнүлдүү маанайы, жайдары жашоосу үчүн кызмат кылган Кыргызстандагы той ырларынын башкы радиосу Сүйүнчү жаңы сезонду баштады. Бүгүнтөн тарта сиздер сүйгөн «Боорсок шоу»  кайрадан эфирде. Алып баруучулары Тилек жана Бүбү угарман үчүн кызыктуу рубрикаларды, белек берип кубанткан оюндарды камдады. Ал эми сиз жумуштан чалыгып үйгө кайтканда жарпыңызды жазып,…

Татыктуу жеңишке — татыктуу сыйлык!

Күндүн жакшы жаңылыгы. Бүгүн, 23-августта Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясында «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи өтүүдө. Анда өлкө башчы Садыр Жапаров Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага II даражадагы «Манас» орденин тапшырып, 10 миллион сом жана Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унаа белекке берди. 

Сүйүнчү! Ырчы Минур Алтынбеков кырк жылкылуу болду…

Сүйүнчү! Бүгүн 13-августа ырчы Минур Алтынбеков кыздуу болду. Бул тууралуу Минур мырза  өздүк баракчасынан калың журтка сүйүнчүлөдү. Белгилей кетсек, буга чейин ырчы жубайы Жазгүл менен бир уулду тарбиялап келишкен. Ымыркайдын боосу бек болуп, элибизде Сүйүнчү гана жаңырып турсун!

Ырчы Толгонай Арзыкеева Мирбек Атабековго келин болот…

Мирбек Атабековдун жубайы белгилүү блогер Мээрим Төлепбергендин иниси Толгонай Арзыкеевага үйлөнүү сунушун киргизди. Бул тууралуу ырчы өздүк баракчасына мындай деп жазган «3,5 жыл өткөндөн кийин ал менин колумду сурады. Мен ооба дедим. Ар бир кыз дал ушундай сезимди башынан өткөрүшүн жана бактылуу болушун каалайм». Ырчы кызга тоодой бакыт каалайбыз!

Татыктуу оюн! Күмүш медаль Кыргызстандыкы!

Сүйүнчү! Кыргызстанга 3 — күмүш медаль келди. «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль утту. Бул эгемендүү кыргыз тарыхындагы үчүнчү күмүш байге. Буга чейин 2008-жылдагы Пекин Олимпиадасында Канат Бегалиев грек-рим күрөшү боюнча күмүш медаль уткан. Ал эми экинчи күмүш медалды кечээ гана Акжол Махмудов багындырды

Күндүн дагы бир Сүйүнчүсү!

Кубанычтын көз жашы акты! Мээрим Жуманазарова жеңди! Коло медаль —  Кыргызстандыкы! Токио 2020 XXXII Жайкы Олимпиада оюндарында спорттун эркин күрөш түрү боюнча мекендешибиз Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн болгон беттеште жеңүүчү аталды. Мээрим Жуманазарова бул беттеште монголиялык атаандашы Батцэцэг Соронзонболдынды 10:1 эсеби менен жеңип, коло медалды камсыздады. Белгилей кетсек, кыргыз…