Бөбөктөр, майрамыңар менен!

Жер бетинин жандуу гүлдөрү, үйүбүздүн жарыгы, Кыргызстандын кичинекей жарандарын бүгүнкү майрамы менен куттуктайбыз!

Биздин келечек, өмүрдүн гүлү, жашообуздун маңызы балдар менен.

Ар бир наристе бекем ден соолукта, бактылуу балалыктын доорун сүрсүн. Балалык пайдубал кубанычка бай, сүйүнүчкө толо болуп, оюн-күлкү менен коштолсун.