Жүргүнчүлөр үчүн жаңы жылдык жайдары маанай!

Жаңы жылдык кездешүүнүн соңку сапары борборубуздагы коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү менен бирге болду. Белгилүү эстрада жылдыздары Кубаныч Сатаев, Үмүтай Абдышова жана “Мажор” тобу коштогон жайдары команданын капыстан автобуска кирип келиши көпчүлүктү таң калтырды. Шаар тургундарына тартууланган таттуулар, айдоочуга арналган фирмалык белек жаңы жылдык маанайды ого бетер күчөттү. Видео жана сүрөттөрдү инстаграм, фейсбук жана телеграм каналынан көрүңүздөр.