ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Жеңиш куттуу болсун Кыргызстан!

Сүйүнчү! Ырчы, дастанчы Азиз Батыров Түркиянын Ялова шаарында өткөн эл аралык фестивалда шакирттери менен 1-орунду жеңип алды. Жалпысынан 20 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан сынакта “Ынтымак” тобунун 10 мүчөсү өнөрүн көргөздү. Белгилей кетсек, Азиз Батыров шакирттери менен 15-июлда фестивалга катышуу үчүн Түркияга учуп кеткен.