Сүйүнчү!Алып баруучу Нурсултан Майназаров уулдуу болду…

Сүйүнчү! Алып баруучу Нурсултан Майназаров уулдуу болду.  Анын жубайы Жаркын Абитканова бүгүн, 12-ноябрда көз жарды. Бул тууралуу Майназаров өздүк баракчасынан күйөрмандарына сүйүнчүлөдү. Ымыркай жубайлардын экинчи уулу.

“Жубайым түшкү убакытта көз жарып, төрөткө катыштым. Кудайга шүгүр, абалдары жакшы. Азыр жума намаздан чыктым, эми акылдашып, уулубузга ысым ыйгарабыз”, – дейт ал.

Түгөйлөр буга чейин Амин аттуу уулду тарбиялап келишкен.