Быйыл күздө күркүрөтө той берген атактуулар…

Сүйүнчү келин алдык, Сүйүнчү куда күттүм, Сүйүнчү үй той берем деп ар бир күнү жакшылык менен коштолуп бул күндөрү кырыгызымдын оозунан Сүйүнчүсү түшпөй турган учуру. Жакшылыкты жар салсан көбөйөт, ал үчүн сүйүнсөң жугуштуу болот дейт. Атактуулардын арасында быйыл күздө той бергендер дагы аз эмес. 

 

Актёр, тамашоучу, вайнер жана алып баруучу Самат Эркинбеков менен жубайы Чолпонай кош той өткөрүштү. Түгөйлөр уулу Имандын  тушоосун кесип, бата алып, аны менен катар үй той дагы беришти.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова келиндүү болду. Ырчынын уулу Арназ сүйүктүүсү Элинага баш кошуп, борбордогу тойканалардын биринде үйлөнүү үлпөт тоюн белгиледи.

24-октябрда Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде ырчы Малика Дина кызы Айгүндүн урматына той өткөрдү. Ырчынын кызы 6 жашка чыгып, тоюн куттуктап кыргыз эстрада ырчылары жана башка атактуу адамдар келишкен. 

Комузчу Назбек Кенчинбаев менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, скрипканын чебери Нурайым Азыкбаева кызына арнап той өткөрүштү. Анда түгөйлөр кызынын тушоосун кесип, кыргыздын ырым-жырымын жасашты.



Ырчы Максат Садырбеков менен жубайы Айсулуу Молдалиева дагы кызынын тушоосун кесип, бата алды. Кичинекей Мияга арналган той борбор калаадагы тойканалардын биринде орун алып, оюн-зооктор менен коштолду. Салтанатка Максат мырза менен Айсулуу айымдын туугандары, санаалаштары, дос, курбулары, шоу-бизнес өкүлдөрү катышты. Белгилей кетсек, ырчы мырза сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиева менен 9 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Алар 2019-жылы баш кошуп, 2020-жылы Мия аттуу кыздуу болушкан.
Атактуулар арасында баш кошуп, үй бүлө күткөндөр дагы болду. Жаш актёр Өмүрбек Израилов менен актриса Айсанат Эдигеева баш кошуп, калаабыздагы тойканалардын бирине үлпөт тою өткөрүштү. Эки жаштын тоюна театр жана кино актёрлорунун жоон тобу жана достору, жакындары катышты. Тойдо тамадалык тизгинди актёр Анвар Осмоналиев башкарса, кино режиссёр Айбек Дайырбеков өкүл ата болду.

Быйыл турмуш жолуна аттангандардын катарына ырчы Минюра Рахимжанова дагы бар. Анын кыз узатуу тою  6-ноябрда өтүп, турмуш жолуна аттанды. Буга чейин ырчынын сүйүктүүсү колун сурап, үй-бүлө куруу сунушун киргизген. Ырчы жакын курбусуна абысын болорун, күтүп жүргөн адамын тапканын билдирген.

Сиздин дагы үйүнүздө кубаныч жаралып, той өткөрүп, Сүйүнчүнүн гана коштоосунда өмүр сүрүңүз!