Сүйүнчү! Биз күткөн күндөр келди. Тойлор башталды…

Өлкөбүздө пандемиянын башталып, көп нерсеге чектөө коюлганына жарым жылга чукулдап калды. Калкыбыздын абалтан кан-жанына сиңген жакшылыкты белгилөө каадасына да тыюу салынды. Ынтымак-ырыскысы бириккен элдин биргеликте күрөшүүсү менен ал күндөр артта калып, акырындап жайдары турмуш босогосуна жетип келгендейбиз. Дегенибиз, эл арасында кубанычтар белгиленип, тойлор өткөрүлө баштады. Бул тууралуу кыргыз эстрада ырчылары өздүк баракчаларына сүрөт, видео киргизип, Эң алгачкы той”, “Тойлор башталды” деген сыяктуу билдирүүлөрдү жазышты. Алардын сап башында кыргыз тойлорунун көркүн ачкан Самара Каримова, Нурлан Насип, Айтурган Эрмекова, Фарида Карбосова сындуу ырчылар бар. Анткени менен тойлор өз эрежеси менен аз сандагы адамдардын чогулуусунда өтүп жатканын да баса белгилешти.

Дал ушундай жагымдуу жаңылыктар көп айтылып, Кыргызстанда Сүйүнчү гана жаңырып турсун!