Сүйүнчү! Апалар үчүн ырдын эң жакшысын ырдап чыккан Ишен Назаров кыздуу болду…

Сүйүнчү! Бүгүн 7- март ырчы Ишен Назаров кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы интернет баракчасына жарыялап, күйөрмандарына сүйүнчүлөдү. Аны менен бирге Ишен Назаров жубайы Наргизага ыраазычылыгын билдирип, рахмат айткан.

Белгилей кетсек Ишен мырза менен жубайы буга чейин бир кызын тарбиялап келишкен.

Ымыркайдын боосу бекем болуп, ар бир үйдө Сүйүнчү гана жаңырып турсун!