Куда күтүүдө катачылык кетирип албаңыз…

Кыргыз бул дүйнөгө жаралганы аны ээрчиген каада салт, жөрөлгөлү соңку убактарда заманбапташтырылып өзгөрүүлөргө дуушар болуп келе жатат. Учурда биз колдонгон салт санаанын түпкү теги, өзөгү тууралуу маалымат ала жүрүүбүз ашыкча болбойт. Кыргыздын кудалашуу салты тууралуу кенен маалыматты ушул жерден окуңуз.

Кудалашуу бул  – никелешүү алдында ата – энелердин нике тууралуу макулдашуусу, убадалашуусу. Кыргызда кудалашуу төмөндөгүдөй түрлөрдө жүргүзүлгөн – бел куда, бешик куда, кайчы куда.

Кудалашуу демилгеси жигиттин ата-энеси же алар жиберген жуучу кыздын ата-энесине же жакын тууган-туушкандарына баруудан башталган. Мурун Кудалашуу учурунда кыздын же жигиттин эрки, каалоосу эсепке алынган эмес. Айрым учурда мамилелери өтө жакын, ымалалаш, санаалаш, дос-тамыр, алыш-бериши бар же сөөк жаңыртууну каалаган адамдар араны алыстатпоо, элдерди жакындаштыруу үчүн бел куда болгон учурлар да кездешет.

      Бел куда болуу – бул балдар төрөлө электе эле кудалашуу салты. Эгерде төрөлгөн балдардын экөө тең уул же кыз болуп калса, анда достоштурат. Ошондой болсо да илим бүгүнкү күндө гана ДНК хромосому 7 ата өткөндөн кийин гана тазаланаарын билсе, кыргыздар байыртадан эле билип, 7 ата өтмөйүн кудалашкан эмес.
Кээде өспүрүм уулу бар адамдар жакын санаалаштары кыздуу болгон учурда ак боз бээнин көкүлүнө кебез байлап келип, кулдук уруп, кудалашып, жаңы төрөлгөн наристеге сөйкө салып кетишкен. Ошону менен ал кыздын башы байланып, сөйкөлүү кыз аталган. Ага башка эч ким көз арта алган эмес. Бул бешик куда болуу деп аталат. Бул учурларда албетте балдардын макулдугу суралбайт.

Ал эми мурунку кудалардын ортону алыстатпаш үчүн кайрадан куда болуусу сөөк жаңыртуу, кайчы куда деп аталган. Кудалашуунун мындай түрлөрү социалдык бир катмардагы адамдар ортосунда болуп, турмуш муктаждыгынан жана ата-энелердин болочок үй-бүлөнүн бекем болушу үчүн кам көрүүсүнөн келип чыккан. Анын артынан Тууган-уруктук мамиле да үзүлгөн эмес.

Уул үйлөнтүп, кыз берип миң жылдык куда күтүңүз!