Тарыхта биринчи жолу…

Сүйүнчү! Сүйүнчү! Сүйүнчү! Бүгүн, 3-августта кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарында финалга чыкты.

Балбан кыз украиналык балбан Ирина Коляденко менен кез келди. Анда Тыныбекова атаандашын буйдамга келтирбей, 10:0 эсебинде жеңип алды. Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип , чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жеткен. Айсулуу Тыныбекова эки атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңүү менен жарым финалга чыгып, анда япониялык күчтүү делген Юкако Каваи аттуу балбан кыз менен келип, Муну менен Айсулуу Тыныбекова өлкө тарыхындагы кыз-келиндер арасында биринчи жолу финалга чыкты.

Финалда Айсулууга ийгилик жылмайып, утту деген Сүйүнчү угалы!