Бешик боосу бекем болсун!

Сүйүнчү! Сүйүнчү! Сүйүнчү!

Кыргыз эстрада ырчысы Максат Садырбеков 16-мартта кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы өздүк баракчасына жарыялады. Жубайы белгилүү блогер Айсулуу Молдалиева ымыркайды Бишкектеги төрөтканалардын биринде жарык дүйнөгө алып келди.

Эске салсак түгөйлөр 9 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп 2019-жылы 6-июнда баш кошушкан.

Сүйүнчү радиосунун командасы ымыркайга бекем ден соолук, бактылуу балалык каалайбыз!