Ыңгайлуулукпу же ысырапкорчулукпу? Беш бармак тартуунун жаңы ыкмасы

 

Ар бир күнү той менен өткөн ала тоолук элибиздин жакшылыкты белгилөө каадасы күндөн – күнгө өзгөрүп, бир чети оңойлоштурулса, бир жагынан оорлошуп да бара жатат. А бирок “заманың бөрү болсо, бөрү бол” деген кептин чындыгы бар бейм, элден көргөндү эп кылып ар ким өз мааракесинде колдонуп жатышат. Дал ошондой жүгүңүздү жеңилдетип, тоюңузга өзгөчөлүк сунуштоочу бул Тойчуман рубрикасы.

Той дегенде эле көз алдыга калкыбыздын берекеси төгүлгөн дүр-дүйүм тамак-ашка толгон дасторкону тартылат. Куда тосуу болобу же жөн гана түлөө өткөрөсүңбү айтор, биринчи экинчи тамагы менен бирге беш бармакты кошо тартпасаң анда кыргыз экениң кайсы? Кай бири муну ысырапкорчулук дешсе, кээ бирибиз атадан калган салтка каршы чыга албайбыз дейбиз.  Мына ушундай талаш-тартыш көрүнүштөр үчүн жаңычылдыктар да чыгууда, достор. Дегенибиз, учурда тойкана кызматкерлери тарабынан беш бармакты атайын пластик контейнерлерге салып берүү сунушталып, айрым тойлордо колдонулуп баштады. Аны ошол жерден жеп түгөтөбү же түгөл бойдон ала кетеби колуна тийген мейман өзү билет.А бирок тыйындын карама каршы бетин карай турган болсок “кыргыздын барктуу тамагын беш манжанды матыра салып жебесең болбойт” деп макул эместигин билдирген замандаштарыбыз дагы жок эмес.Ал эми чыгым жагын кеп кылсак, контейнердин бир даанасынын дүң баасы 7 сомдон, эгер 500 адам үчүн керектелсе жалпы 3500 сом болот. Минтип кошумча каражатты гана  талап кылганы болбосо бул ыкма көпчүлүккө  ыңгайлуу. Эгер мааракеңизде колдоном десениз анда тойкана кызматкерлери өздөрү дайындап беришет. Күн санап өсүп жаткан заманга карай оңой жана заманбап ыкмалар жаралууда. Башкысы айтылган кеңештер керегиңизге жарап, өзгөдөн өзгөчөлөнгөн тойдун ээси сиз болушуңузду каалайбыз.