Сүйүнчү! Гүлнур Сатылганова неберелүү болду…

Сүйүнчү! Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова неберелүү болду. Бул тууралуу ырчы  социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргыз элине сүйүнчүлөдү.

“Сүйүнчү достор! Чоң эне болдум. Кудайымдан кыз небере тилеп алдым, миң мертебе ыраазымын! Мындай кубанычымды сиздер менен бөлүшпөй коё албадым”, – деп жазып калтырды. 

Ымыркайдын бешик боосу бекем болуп, элибизде Сүйүнчү гана жаңырып турсун!