Сулуулардан – Сүйүнчү!!!

Сүйүнчү! Бүгүн, 3-августта кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарынын 12-күнүндө алгачкы ирет килем үстүнө чыкты. Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен кез келип, 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип , чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда Айсулуу Тыныбекова румыниялык Криста Тунде аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти. Муну менен Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты. Жарым финалда Айсулуу украиналык Ирина Коляденко менен кез келет.

Ал эми Кыргыз  Мээрим Жуманазарова “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарында коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алуу үчүн килем үстүнө чыкты. Көңүл жубатуучу беттеште кыргыз балбан кызы азербайжандык 25 жаштагы Елис Манолова аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашын 4:1 эсебинде жеңип алды. Коло байге үчүн Мээрим Жуманазарова монголиялык балбан менен кез келет.