Күндүн дагы бир Сүйүнчүсү!

Кубанычтын көз жашы акты! Мээрим Жуманазарова жеңди! Коло медаль –  Кыргызстандыкы! Токио 2020 XXXII Жайкы Олимпиада оюндарында спорттун эркин күрөш түрү боюнча мекендешибиз Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн болгон беттеште жеңүүчү аталды. Мээрим Жуманазарова бул беттеште монголиялык атаандашы Батцэцэг Соронзонболдынды 10:1 эсеби менен жеңип, коло медалды камсыздады. Белгилей кетсек, кыргыз балбан кызы алгачкы жүрүшүн 1\8 финалда баштап, анда ал болгариялык Мими Христово менен кез келип, атаандашына 5:4 эсебинде жеңилип жатып, беттеш бүтөрүнө 2 секунд калганда атаандашынын артына өтүп, 2 упай алып 6:5 эсебинде жеңүүчү аталган. Бирок чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудуду аттуу балбан кыз менен кез келип, тилекке каршы атаандашына 3:2 эсебинде жеңилип калган. Бирок Олимпиаданын эрежесине ылайык Мээрим Жуманазарованы жеңген Блессинг Оборудуду финалдык баскычка чыккандыктан балбан кызыбыз коло байгеге күрөшүүгө мүмкүндүк берген жубатуучу беттешке катышкан. Анда мекендешибиз азербайжандык 25 жаштагы Елис Манолова аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашын 4:1 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Ал эми Акжол Махмудов күмүш медалга ээ болду. Анда ал венгриялык фаворит балбандардын бири Тамас Лоренц менен кез келип, атаандашына 2:1 эсебинде жеңилип калды. Кыргыз балбаны алгачкы жүрүшүндө эле тунистик балбанды 11:0 эсебинде татыктуу түрдө жеңип, чейрек финалга чыгып, чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда Акжол Махмудов армениялык күчтүү делинген Карапет Чалян менен кез келди. Бири-бирине төп келген эки балбан тең мыкты беттеш тартуулап, кыргыз балбаны атаандашын 6:2 эсебинде жеңип алган.

Спортчулардан кезектеги Сүйүнчүлөрдү күтөбүз!