8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата Сүйүнчү радиосу атактуу эстрада жылдыздары менен айымдар үчүн «Жылдыздуу такси» уюштурат. Кыргызстанда туңгуч ирет өтүп жаткан бул демилгеге ырчылар Ильяз Андаш, Замир Арыкбаев, Самат Дөөлөтбаков жана алып баруучу, тамада Чыңгыз Мырзаев баштаган белгилүүлөр катышат. Бейкапар аялдамада коомдук транспорт күтүп турган айымдарга эң назик орхидея гүлүн сунуп, жагымдуу белегин тартуулап айткан жерине жеткирип коюшат. Эске салсак, Сүйүнчү радиосу Ата Мекенди коргоочулар күнүнүн урматына Бишкек шаардык жол инспекторлору менен биргеликте айдоочу мырзаларга белек тартуулап кубантышкан. Демек, бул 8-март майрамы шаарыбыздын айымдары үчүн эсте калаарлык жана өзгөчө болот.