Кыргыздын кыйын кызы Мээрим Жуманазарованын кезектеги Сүйүнчүсү!

Мырзалардан ашса ашып бирок кем калышпаган кыргыздын кыйын кыздары көп. Алсак алардын бири  кечээ 15-апрельде  Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль уткан белгилүү балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Мекенибиздин желегин желбиретип, атын даңктап жүргөң Мээрим тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуштайбыз.  

15-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттеши өттү. Анда  кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышты. Турнирге 68 килограмм салмакта катышкан кыргызстандык Мээрим Жуманазарова финалда монголиялык балбан менен кез келип, алтын медалга ээ болду.Сыйлык тапшыруу аземинде өлкөбүздүн гимни жаңырганда Мээрим Жуманазарова кубанычтан көзүнө жаш алды. Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы ушул эле шаарда 9-11-апрель күндөрү өткөн лицензиялык турнирде Олимпиадага жолдомо утушкан.

Мээрим Жуманазарова тууралуу кеп кылсак, ал 1999-жылы 9-ноябрда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Сегиз бир туугандын төртүнчүсү Мээримдин атасы эркин күрөш боюнча машыктыруучу, ал эми апасы медицина кызматкери. Мээримдин спортко келишинин түздөн-түз атасынын салымы.

Эң кызыгы Мээрим Жуманазарова килем үстүндө катаал болгону менен жашоосунда өтө назик кыз. Күрөш үчүн гана чачымды кыска алып жүргөнүм менен көөдөнүмдө ар дайым узун чачты каалап келем дейт балбан кыз. Каарманыбыз күрөшкө кызыгып жүргөн кыздарга: Эч качан коркпош керек. Бир гана максат коюп алдыга гана умтулуш керек. Азыр мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Кыз киши өзү каалаган кесипти тандап, өзү каалаган иш менен алектене алат. Ошондуктан кыздарга айтарым, максат койдуңбу, бир гана алдыга карай умтулуш керек” –  деп кенеш берет.

Мээрим Жумназаровнаны башкы максаты олимпида чемпиону болуу. Ал учун тынымсыз, кыйынчылыкка чыдап машыгып келем. Ал эми бардык кыздар сыяктуу эле келчекте турмушка чыгып көп баланын энеси болсом дейт. Кыргызга дайым Сүйүнчү алып келген Мээримге күч –  кубат жана ийгилик каалайбыз!