Аалам көркү – айымдар

 

Адамзаттын учугун улап жашоосуна өзөк болчу айымдар! Сиздерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын ыкластан ар бириңизге болгон терең урмат менен куттуктайбыз! Аялзаты бар үчүн тукум уланып, жер шарында тынчтык сакталып,  табияттын ажары артып турат. Сиздерге суктанбай коюуга  дегеле мүмкүн эмес! Айымдар бар үчүн муза бар, айымдар бар үчүн не бир сонун ырлар жаралат, сиздер менен жашоо эбегейсиз көрктүү.

Сүйүнчү радиосунда бүгүн бир гана айымдардын урматына кызыктуу оюндар, атактуулардын куттуктоолору жана арноо ырлары, ошондой эле “Жылдыздуу такси” демилгеси уюшулат. Жайдары радио катарында болуңуз.