Эң сонун аба ырайы, сүйүнгөн айымдар, белгилүү жылдыздар айдоочулук кызматта

8-март Аялдардын эл аралык күнүнүн урматына Сүйүнчү радиосу айымдар үчүн атактуулар менен биргеликте “Жылдыздуу такси” кызматын көргзөдү. Анда эстрада жылдыздары Замир Арыкбаев, Самат Дөөлөтбаков, Ильяз Андаш жана белгилүү алып баруучу, тамада, шоумен Эркин Рыскулбеков баш болгон эл сүймөнчүлүктөрү аялдамада бейкапар коомдук транспорт күтүп турган айымдарга орхидея гүлүн жана белегин сунуп, айткан жерине жеткиришти. Кокустан келген мындай көрүнүш айымдарга болуп көрбөгөндөй сүйүнүч тартуулады. Жылдыздуу таксинин алгачкы каарманы болгон Дарика айым өз эмоциясы менен бөлүштү : “Мындай мүмкүнчүлүккө туш болом деп такыр ойлогон эмесмин. Күтүүсүз турган жерден Ильяз Андаш өзү келип гүл берип жатса өңүмбү же түшүмбү деп башкача болдум. Чынында өзгөчө жана абдан жагымдуу демилге экен. Айымдарга жакшы маанай тартуулап, ушундай ишти өткөрүп жаткан Сүйүнчү радиосунун жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирем”.