«Министрдин кызынын махабаты» тасмасындагы Зина турмушка чыкты

«Министрдин кызынын махабаты» тасмасында Зинанын ролун аткарган актриса Роза Азимбаева турмушка чыкты. Бул тууралуу актрисанын аяшы, аранжировкачы Өктөм Сапар уулу билдирди.

« 3-январь күнү досум, аранжировкачы Алтынбек Нажимидинов кыргыздын каада-салты менен Розаны үйүнөн алып кетти. Эки жаш бүгүн Баткен шаарына, Алтынбектин кичи мекенине барышты. Алтынбек менен Роза эки айдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш кошушту«, — дейт Өктөм мырза. Баткенге келин болгон Роза айымга үй бүлөлүк бакыт каалайбыз.