Ырчы Айдана Дека алгачкы жолу жар-жар айтты

Кыргыз эстрада ырчысы Айдана Дека алгачкы жолу жар-жар ырын ырдады. Ал бүгүн 22 – октябрда  жолдошу Аваз Акимовдун бир тууган иниси Барчынбектин үйлөнүү тоюнда жеңелик кызматты аркалап, эки жашты жандап кирди. Бул тууралуу ырчы өздүк баракчасына төмөнкүдөй ой бөлүшкөн:

“Ата – бабаларыбыздын салтын улай улуулардын батасын алуу менен чоң жоопкерчилик алып бүгүн эң алгач жолу эки жашка арналган “жар-жар” ырын айтып, бактылуу түгөйлөрдү киргиздим. Жеңелик кызматты аркаладым. Ар дайым мен алып кирген түгөйлөр бактылуу болсун деп тилейм. Мындан ары сиздердин кызматыңыздарда болом. Сиздерден жакшы сын-пикир күтөм.”

Бул билдирүүгө интернет колдонуучулар дээрлик бардыгы жакшы пикирин билдиришкен. Айдана Декага чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Өлкөбүздө тойлор көп болуп, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!