Кыргыздын сүймөнчүктүү ырчысы Нурлан Насип тойканасынын салтанаттуу ачылышын жасады. Атактуулардын бири калбай келишти…

Кыргыз эстрадасынын атактуу ырчысы Нурлан Насип кечээ 20-январь күнү тойканасынын салтанаттуу ачылышын жасады. Ырчы жакшылыгына шоу бизнес өкүлдөрүнүн дээрлик баарын чакырган. Алардын катарында Сүйүнчү радиосу дагы ардактуу конок катары чакырылып, шайыр командабыз барып куттуктап, белек тапшырып келди. Ачылыш Нурландын ата-энесинин лента кесүү аземи менен башталып, алардын куттуктоосу, ак батасы менен уланды. Атасынын айтымында жеке ишкерлик баласынын кичине кезиндеги кыялы болгон. Убакыт келип ишке ашканына абдан кубанып турганын билдирди.

Нурлан Насип өз кыялын гана ишке ашырбастан 40 кишиге иш ордун түзүп берип, элге кызмат көргөзөт.  2021-жылды чоң өзгөрүүлөр менен баштаган ырчы бүгүн келинчеги Асель Кадырбекова менен бирге Турция мамлекетине учуп кетишет. Бул сапарды ал жубайынын ден соолугуна байланыштуу экенин айтты.

Өлкөбуздө дал ушундай кубанычтуу көз ирмемдер көп болуп, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!