Баланы бешикке бөлөө салтынын маанисин билип алыңыз

Баланы бешикке эмне себептен бөлөгөнүн билесизби? Жөрөлгө кандай ырым-жырым менен коштолот?Бул суроолорго жооп төмөнкү маалыматта.

Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө – кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн. Бул каада сөзсүз той менен коштолот. Ал күнү ымыркайдын таенеси ороо-чулгоосу менен кошуп небересине бешик алып келет. Ошондой эле жентекке деп карын майын, боорсок-нанын жасап, бир койдун этин бышыра келген. Бул жөрөлгө азыр да өткөрүлөт. Каадага аялдар гана катышат. Бөбөктү айылдын көп төрөп, көптү көргөн дөөлөттүү байбичесине ырымдап бөлөтүшкөн.
Бул ырымды шайтан-шабырдан алыс болсун деп жасашкан. Андан соң бешиктин башына ак кебез байланат. Алаксып турсун деп бешиктин кармагычына чүкө, шуру тагып коюшкан. Бешик бөлөп жаткан адамдын оң жагында болушу шарт. Илгери баланы бөлөгөндөн кийин үстүн тогуз каттап жабышкан.
Кыргыз көчмөн эл болгондуктан, бул буюм көчүп-конууга абдан ылайыктуу. Ал азыр деле актуалдуулугун жогото элек. Чоң энелердин айтымында, бешикте бала тынч уктап, таза болот. Ошондой эле ымыркайдын дене түзүлүшү, буту түз өсөт деп айтышат.