Сүйүнчү! Ырчы Ильгиз Абдалиев уулдуу болду!

 

Ырчы Ильгиз абдалиев 8-май күнү уулдуу болду. Бул тууралуу ырчы инстаграм баракчасында сүйүнчүлөгөн.

“Сүйүнчүү  туугандар сүйүнчүү  ,Урматтуу Кыргыз Элим кудайдын улуу күнүндө, ооз ачаар убакта Кадыр түн күнү  уулду болдум. Жакшы каалоо тилектеринизге чоң рахмат. @nazima_muratbekova_official жубайымдын толгоосун көрүп жүрөгүм чыдай албады, жаным менин чоң рахмат сүйгөнүм жубайым менин, 08.05.2021. Мага ушу күнү алмончоктой уул төрөп бергениңе, Ата деген бакытты тартуулаганыңа жаным рахмат, сүйүүбүздөн жаралган наристебиз аман болсун ыймандуу болсун көп  балалуу бололу” – деп билдирүү калтырган. 

Жергебизде ымыркайлар көп төрөлүп, Сүйүнчү гана жаңырып турсун!