“Өмүрдө жылуулукту сенден гана табам”… Кубаныч Сатаев жана жубайы Кундуз Авашева менен маек…

“Мыкты эркектин артында күчтүү аял турат» деген кеп бар. Бул сөз бүгүнкү каармандарыбызга куп эле жарашат. Бири кыргыз ыр сүйүүчүлөрүнүн жадында дайым жашаган айтылуу Чубак Сатаевдин уулу болсо, бири кыргызга аттын кашкасындай таанымал, калк кадырлаган ырчы Саламат Садыкованын кызы. Кубаныч Сатаев жана жубайы Кундуз Авашева Сүйүнчү радиосунун «Отко киргизүү» программасында конокто болушту. Анда эмесе ошол сүйүүгө, жаш жубайларга айтылган кеп-кенеш жана жылуулукка толгон маекти сиздерге сунуштайбыз.

 

Таттуу түгөйлөргө эң эле биринчи бере турган сурообуз алгачкы таанышуу кандайча болгон?

К.С 2006-жылы жай айларында  бир чайханада иштечи элем. Кундуз кесиптештери менен айлык алып тамактанганы барган экен. Ошол жерден биринчи жолу таанышып, ырыбызды арнап, бирге тамактанганбыз. Ал кезде Кундуз радиодо иштечи. Ырларыбызды радиого алууга макулдашып отуруп андан ары мамилебиз башталып кетти.

К.А Башында Кубанычтын кимдин уулу экенин билген эмесмин. Тааныштарым кийин айтып калышты, Кубаынч деген белгилүү обончу, эл сүйгөн аткаруучу Чукбак Сатаевдин уулу деп. Эки жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук.

Эмнеден улам бирге түтүн булатууга бел байлап калдыңар?

К.С Эң биринчи эле себеп, Кундуз экөөбүздүн багытыбыз бир болду. Бул дагы чыгармачылыкты түшүнгөн адам болуп, радиого ырларымды өткөрүп жүрдү. Эң биринчи тойлорго чакырууну дагы Кундуз алып берчи.

К.А Ал учурда уюштуруучулук менен алектенчи элем. Тойлорду, иш чараларды өткөрүү милдети мойнумда болчу. Ошондо жандуу аткаруу үчүн ырчы керек болгондо Кубанычты чакырып турчумун.

Көпчүлүк түгөйлөрдүн айтымында баш кошкондон кийин сүйүү балдарга өтүп кетет дешет. Буга кандай карайсыздар? Чындыгында ушундайбы?

К.А Бир четинен ал деле туура болсо керек. Бирок адамдын өзүнөн болот деп ойлойм. Кээ бир адамдардын мээрими, сүйүүсү ушундай кенен болот, балага да жетет, жолдошуна жетет дегендей. Балага болгон суйуу башка, жолдошуна болгон суйуу деген башка деп эсептейм. Ар кимисине ар башка убакыт бөлө билиши керек.

 

Сүйүүм сага арналат...

Жубайлардын бири бирине билдирген сүйүү сезимдери

К.С Кундуз, мен сени жакшы көрөм. Жашоомдун оор күндөрүндө таянаар адамым сенсиң. Балдарыбыздын, менин маңдайымда ар дайым бар бол. Өмүрдө жылуулукту сенден гана табам. Сени менен жашоомдун аягына чейин бактылуу болуп жашагым келет.

К.А Чындыгында мындай сезимдерди билдирүү учуру бизде болбоптур. Дүйнөдө Кубанычтай адам бар болгонуна мен бактылуумун. Бир дагы адам сенин ордуңду баса албайт. Сенин барын үчүн балдарым жана мен бакыт даамын сезип келебиз. Жашоодогу бардык жакшылыктарды ар дайым бирге көрөлү.  Кубаныч, мен сени сүйөм.

 

Жылдыздуу түгөйлөргө бекем ынтымак, түбөлүктүү сүйүү каалайбыз!