Жылдыздарда эмне кеп?

Жаз айы жаңылыктарга бай айы. Элдин дайым кызыгуусун арттырган бул – жылдыздардын жашоосу. Интрнеттин заманы күч алып бардык нерсе алаканга салгандай болуп калды. Күйөрмандары менен ар баскан кадамын бөлүшүп турган ырчылардын жеке турмушунда, чыгармачылыгында Сүйүнчүлөй турган жаңылыктарына көп. 

Кыргыздын сүймөнчүктүү ырчысы Нурлан Насип Россияда эмгектенип жүргөн күйөрмандары үчүн концертин тартуулап жүрөт. Ал Москва шаарында 3 күн, Санкт – Петербургда 2 күн, Екатеринбургда 1 күн жана Сургут шаарында 1 күн ыр майрам тартуулайт.

Учурдагы кыргыз тойлорунун көркүн ачып, жар-жар айтуу боюнча алдына адам салдырбаган Айгерим Расул кызы чыгармачылыктын үстүндө кызуу эмгек кылып Бишкек шаарында жүрөт. Ырларына клип тартып, жаңы чыгармаларды жаздыруу менен алек.

 

Апа тууралуу чыгарманын эң мыктысын ырдаган Ишен Назаров кечээ 19-майда Токмок шаарында жеке концертин өткөрду. Концертти чыгармачылыктагы достору коштогон. Көптөн бери интернет колдонуучуларын элжиретип жаткан ырчынын кызы менен аткарган дуэтинин тушоосу да дал ушул ыр майрамда кесилди.

Көптөн бери сахнадан көрүнбөй калган Актан Исабаев күйөрмандары үчүн бүгүн 20-майда чыгармачылык кечесин тартуулайт. Ага белгилүү ырчылар Мирбек Атабеков, Ырыскелди Осмонкулов, “Элес” тобу, Бек Исраилов, Нурсултан Азыкбаев ж.б катышат.

Ырчы Аскат Мусабеков жубайы Миргүл Асаналиева менен “Сен да мендей” аталышындагы жаңы дуэт жаздырышты. Бул тууралуу түгөйлөр социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиришти. Ырдын сөзү акын Жыпара Исабаевага, обону Каныкей Эралиевага таандык. Кошумчалай кетсек, түгөйлөр тун наристесин күтүп жатышат.

Ал эми жылдыздуу түгөйлөр Аваз Акимов жана Айдана Дэка экинчи ирет ата-эне болуу алдында турушат. Бул тууралуу Айдана социалдык баракчасыннан күйөрмандары менен бөлүшкөн.