Майрамдардын эң мээримдүүсү энелер күнү менен!

Апабыз бир күн үйдө жок болсо күлкүбүз күндөгүгө окшошпой, тамагыбыз даамсыз, көөдөндө коңулдаган боштук пайда болуп калгандай сезилет.

Энелерди мактап, даңктаганга, алардын улуулугун жеткире сүрөттөп айтып бергенге сөздүн да күчүн жетпейт.

Жашообуздун түркүгү, ааламдын жарыгы апалар – майрамыңыздар менен!😍💐

Соккон жүрөк чыга жаздап кабынан,
Өз баласын артык көрүп баарынан.
Баласынын миң түйшүгүн көтөрүп,
Эне кымбат, эне ыйык баарынан! 🤗🤗🤗

Майрамдардын эң мээримдүүсү энелер күнүнө карата Сүйүнчү радиосу майрамдык эфир тартуулайт. Атактуу жылдыздар Кудайберди Айтбосунов, Кызсайкал Кабылова жана Азамат Исмаилов апалары менен биздин төрдө конокто болушат. Күнү бою жайдары толкун менен бирге болуп, мээримге, жароокерликке толгон эфирди угуңуз 🤗