“Күйөө баламды баарынан артык көрөм…” Ырчы Нурлан Алдаяров жана кайнененси Марсгүл Абылованын маеги…

Кайын журтту кадыр тутуп, тууган көрүп сыйлаган сапат кыргыздын кан жанына сиңген адат эмеспи. Элибизге бир гана таланты менен эмес жеке турмушу менен кызыгууну арттырган атактуулардын кайын журту кандай болду экен деген суроо ар бириңизде болсо керек. Сүйүнчү радиосунун “Кадырлуу кайын журт” программасынын кезектеги коногу ырчы Нурлан Алдаяров жана кайненеси драматург, акын Марсгүл Абылованын кызыктуу маегин сунуштайбыз.

 

Биздин төргө отурган ар бир мейман “а” деп сөзүн Сүйүнчүдөн баштайт. Жашооңздарда кандай жакшы жаңылыктар бар?

М: Арыбаңыздар, кадырлуу кыргыз элибиз. Сүйүнчү радиосунда кебимди сүйүнчүдөн баштайын. Нурлан эң улуу күйөө балам. Андан кийин бир уулум бар. Мына кечээ жакында эң кичүү кызым Алтынай Муканбет кызы деген жаңыдан чыгып келе жаткан актриса кызымды турмуш жолуна узаттым. Жөн кишиге турмушка чыккан жок. Ал дагы чыгармачылык жолдон, актер, каскадер Бактыбек Нурмат уулу деген жигитке узаттык.

Н: Мен дагы бажалуу болдум деп кубанып турам. Балдызым Алтынай бир топ жыл биз менен жашап, өз карындашымдай болуп калган, кыз узатууда ичим тызылдап башкача болдум.

Эн алгачкы таанышуу тууралуу кеп кылалы. Сиз күйөө балаңызды биринчи көргөндөгү, сиз болсо биринчи жолу кайын журтка баргандагы ойлор, сезимдер менен бөлүшсөңүздөр.

М: 2016-жылдын 14-ноябрында кудаларым менен таанышканы бардык. Ага чейин кызым сөз арасында айтып жүрчү. “Апа Гүлсара деген ырды ырдаган баланы билесизби” деп. Көрсө сүйлөшүп жүргөнүн айта албай жүрүптүр. Анан таанышууга барганда ушунчалык маңдайы жарык, уялып, ыйбаа кылып учурашканы жүрөгүмдү жылыткан. Адамдын кандай экени кирип-чыкканча билинет дейт эмеспи. Ичимен “Ии” кызым жөн баланы сүйбөптүр деп калдым. Айзада менен Нурланды төл башы деп көп нерсени кеңешип турам. Алтынай кызым турмушка чыкканда дагы буту – бутуна тийбей кызмат кылды. Улуу күйөө балам жакшы чыгып, артынан дагы келиним жакшы чыгып, кичүү күйөө балам дагы оюмдагыдай болду. Кудайым кут кылсын.

Н:  Эң биринчи 2016-жылы 28-ноябрда кыз узатууга бардык. Жанымда классташым бар. Анан ага кайын журттан улуулардан чыга калбасын карап турчу деп жатсам эле, Таалай деген таекебиз бар,  “Ай бери кел” десе эле жүрөгүм шуу деди. Саламдашып учурашсам, “Ай сен коркпо, биздин кызды ала качып алган жоксуң да” деп чекемен өөп койсо бир аз жүрөгүм ылдыйлап өзүмө келдим. Анан баягы күйөө баланы алып киргиле дегенче мурдагыдай эле сахнага чыгып жүргөндөй, тойдо ырдагандай эле элестетип жаткам. Бир кезде баары мени караганда эле башым жерге түшүп, элди карай албай койдум. Бирок, кайын журтум чыгармачыл адамдар болгондуктан мени туура түшүнүп өз баласындай кабыл алышты.

Күйөө бала күтүү тажрыйбасынан бөлүшсөңүз. Угармандардын арасында жаш кайненелер болсо кулактарына күмүш сырга кылышсын.

Күйөө баланын, келиндин орду башкача. Балдарыңдын экинчи түгөйү болгондуктан өз балаңдай көрүш керек. Мен өзгөчө күйөө баламды баарынан артык көрөм. Балам укса таарынып калбасын (күлүп). Эмнегедир, башка бирөөнүн баласы сага бала болуп калгандыктан жакын сезет экенсиң. Муну күйөө баласы, келини барлар жакшы түшүнөт болуш керек.

Эң биринчи жолу үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген учурду эске салсаңыз, Нурлан Мырза.

Н: Айзада экөөбүз телефон аркылуу беш ай сүйлөштүк. Бир күнү үйлөнүү тууралуу кеп баштадым. Мен жөнүндө үйдөгүлөрүңө айтып көр дедим. Ал дароо эле айта алган жок. Тартынып жүрүп бир жумадан кийин айтыптыр. Андан ары эмне болгонун апам айтып берсин.

М:  Аны мен айтып берейин. Кыздарымдын бир жакшы жактары бар. Бир четинен мени менен сырдаш, бир четинен тартынып турушат. Айзада, күндө эле бир сөздүн башын баштайт, бирок аягына чыкпайт. Апа ушул ырчынын тааныйсызбы деп эле токтойт. Ал кезде кызым жаңы 22 ге чыгып, студент кези, койкоюп жүрсө турмушка берүүгө колум барчу эмес. Ал балаң канчада деп сурадым. 85-жылкы десе, сенден улуу го мурун турмуш көргөн эмес бекен деп чочудум. Экөөнүн ортосу тогуз жаш да. Анан бир күнү ушул айда үйлөнөм, ата энем менен тааныштырам деп жатат деди. Сага жагып жатабы десем, “Экөөбүз сөз сүйлөй электе эле бири бирибизди аябай жакшы түшүнүшүп жатабыз” дейт. Анан макул болуп жолугушууга бардым.  Барсам, кудагый, иниси келиндери менен келишиптир. Дароо эле бир жума ичинде үйлөндүрүп коюуну ойлонуп алышыптыр. Мен алгач каршы болуп, бир жума деген аз убакыт. Кызым жаш, окуйт деген ойлорумду айттым. Ошол арада ичимден күйөө баламды көргүм келип, чакыргылачы дедим. Анан экөө жетелешип алып киришти. Карасам ушунчалык татынакай, ийилчээк бала экен. Экөөнү карап бири-бирин толуктап, жарашып турганын көрүп жүрөгүм жылыды. Анан дагы бир кызыгы “14” деген цифра булардын жашоосунда чоң роль ойнойт да. Экөөнүн таанышкан күнү 14-февраль, биздин жолугушкан күн дагы 14-ноябрь, ошол жолугушууда барган чайканадагы бөлмөнүн номери дагы 14 экен, той күндү дагы  14 күндөн кийин болот деп белгиленип калды. Биз кыргыздар төлгө кылмайын жашабайт эмеспизби. Ошол жерден дароо ичимден балдарым буйруса  жакшы үй бүлө болот экен деп төлгө кылып койгом.

Нурлан мырза, күйөө бала болгондогу кызыктуу учурлардан айтып берсеңиз.

Мен апам айтып берген “14” темасын улантып коеюн. Айзада экөөбүз баш кошкондон кийин үйгө жылыткыч алып келдим. Алып келип карасам анда дагы “14” деген жазуусу бар экен да (күлүп). Анан да үйлөнөөрдүн алдында Айзадага чалсам, бир эркек киши алып “Алло, ким бул?” деп жатпайбы. Жүрөгүм шуу дей түштү. Мындан кийин чалба деп өчүрүп салды. Сабыр кылып чыдап, көпкө ойлондум. Беш-алты саат өткөндөн кийин кайра чалсам Айзада алды. Көрсө мени тамашалаган кайним экен.

 

“Ыраазымын” рубрикасы

Н: Буга чейин апабызга ыраазычылыгымды ичимден же Айзадага айтып жүргөн болсом азыр мандайынызга отуруп айтууга мүмкүнчүлүк болуп турат. Өзүмдүн апамды кандай көрсөм сизди да дал ошондой көрөм. Ар дайым бизге акыл-кеңешинизди айтып келесиз. Биз дагы сиз менен сырдашабыз, акыл сурайбыз.  Өмүрлүк жарым Айзададай кызды тарбиялап өстүргөнүңүзгө чоң рахмат. Биздин балдарыбыздын маңадайында таене, чоң апа болуп ырахатына бөлөнүп жүрө бериңиз. Ден соолукта болуңуз, калемиңиз курчуй берсин. Кылым жашаңыз. Мен сизди жакшы көрөм.

М: Балдар үчүн эне жүрөгүндө эмне деген гана тилектер болбойт. Менин тилегеним, ушул жерде отурган маңдайы жарык кыргыз элине таанылып келе жаткан  уулум Нурлан, кызым Айзаданын кармашкан колдору бекем болсун. Буларга тилеген тилегим чексиз. “Арык” тукумунун алгалыктуу үй-бүлөлөрүнөн болсун. Мен кызыма дайым айтам, көп бала төрөп, ошолордун тукумун көбөйт деп. Албетте, Нурланды тапкан куда менен кудагыйымды сөзсүз айтып кетишим керек. Ормонхан айылынын мектеп директору Замир кудам, мугалими Эльмира кудагыйыма ыраазымын. Чыгармачылыкты кеп кылып чай ичишкен ынтымактуу, өзгөчө куда-сөөкпүз. Балдарыма өмүр, бакыт-таалай каалайм. Азыр сүйүүңөр кандай болсо, өмүрдүн аягына чейин ошондой сүйүшүп өткүлө.