ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Тойдогу каалоо – тилекти кантип кыскартса болот?

Тойчумандан жакшы кеңештер…

Замандын күн сайын өсүшүнө карай элибизде тойдун дагы саны арбып барат. Бири биринен айырмасыз окшош өткөн тойлордон конокторду тажатып албаш үчүн өзгөчө кылып өткөргүңүз келсе, бул рубрика сизге чоң пайдасын тийгизет.

Адатта 4 саатка чегерилген тойдун убактысы узак айтылган каалоо-тилек, куттуктоо менен алты саатка чейин созулат эмеспи. Дал ошол убакытты үнөмдөө жана окшош айтылган тилектердин баркын кетирбөө максатында жаны ыкма ойлоп табылды. Той башталардан бир аз убакыт мурда кызмат көргөзө турчу команда тост суйлөй турган меймандарды бир бөлмөгө киргизип, алардын каалоо тилегин видеого тартып алат. Кыска убакыт ичинде монтаж жасалып, шөкөттөлгөн соң чоң экрандан элге көргөзүлөт. Бул ыкманы колдонуп көргөн той ээлеринин айтымында видео аркылуу тилек айтуу кыска, так жана тушунуктуу болот экен дешет. Сиз дагы той өткөрүүнү пландап жүрсөңүз бул ыкманы ишке ашырууңузду сунуштайбыз.