ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Эки жаштын дос-тууганын айырмалаш үчүн жаңы ыкма

Билбегенди билген жакшы,

Ишти туура кылган жакшы – дейт, достор. Дегеним,  той учурунда дос туугандын көптүгүнөн  бири бирин тааныбай ар кандай ыңгайсыз учурлар жаралбай койбойт. Меселен,  эки жаштын үйлөнүү тоюнда кеминде 300 адам чогулат. Билсеңиз, эки тарап бири бири менен таанышып “сиз кимсиз, биз кимбиз?” болуп жатып бир топ убакыт өтөт. Көпчүлүктө “кимди ким көрдү быржыбайды там басты” деп, кийин бет кызартчу окуялар да болуп кетиши толук мумкун. Мына дал ушул көрүнүштү эске салып маараке уюштуруучулар тарабынан эң жакшы ыкма сунушталды. Той башталардан мурун,  куйөө жигит тараптан келгендерге колдоруна көк сызма байлап, ал эми келиндин төркүн – төөсү үчүн кызыл сызма тагылат. Мына ошондо кимдин кайдан келгени ким кимге куда кудагый экени да так жана тушунуктуу болот. Чыгымга дуушар кылбаган бул ыкмага 400 сомдун тегерегнидеги акча сарпталат. Эгер чакырган меймандарыңыздын саны 300 болсо анда 60 метр сызма кенен жетет.

Мына ушундай оңой, ынгайлуу жана заманбап жанычылдыктарды сизге Тойчуман рубрикасы дайындап берет. Бир гана иш кундору саат 10:30 жана 17:30 да калтырбай тыңдаңыз.