ЖАЙДАРЫ ЖАША!

Эки жаштын ордунда алардын ата-энелери…

Уул үйлөнтүп кыз алган,

Укмуш каада – салтын ай.

Учугун толуп узарган,

Уулуу кыргыз калкым ай

Толкуп жүрөк кубанткан,

Тойуң сонун кыргыз ай демекчи калкыбызда бактылуу жашоонун башаты эл чогултуп, той берип ак бата алуудан башталат. А бул өнүгүп жаткан заманга жараша той өткөрүү өзгөчөлүктү талап кылат. Дал ошол жакшылыгыңызга жаңычылдык киргизүү үчүн Тойчумандын кеңештерин тынданыз.

Үйлөнүү тойдун эң башкы күнөөкөрлөрү адатта тойкананын төрүндө күйөө жолдош жана курбу кыз менен орун алат эмеспи. Бул салтка айланган көрүнүштү башка багытка бурууну каалаган эки жаш келген коноктордун жакшы сөзүнө да, тан калуусуна да арзышты. Дегенибиз, төрдүн ээси бизди тапкан ата – энелерибиз болуш керек деп аларды төргө отургузушуп өздөрү келген меймандарга кызмат көргөзүшөт. Майда болсо да опол тоодой сыйды тартуулаган бул көрүнүш көпчүлүктүн алкышына татыды. Чынында уул-кызды эрезеге жеткирген ата эненин сый – урмат көрө турган убагы дал ушул той күнүнөн башталса керек. Андыктан сиз дагы үй бүлө күтүп, той өткөрүүдө бул кеңешти аткарсаңыз жыйынтыгы мыкты болот.