Коноктор тамшанып ичкен тойдогу улуттук суусундуктар

 

        Кан – жаныбыз кыргыз болгон үчүнбү айтор жаратылышыбздан ар бирибиз улуттук суусундуктарга жакын болобуз. А бирок коомдун өнүгүшүнө карай алардын түркүн-түстүүсү чыгып, баягы биз сүйүп иче турган жарма, куурума чай, максым сындуу суусундуктар унутта калып бараткансыйт. Дал ушул пайдалуу, табигый азыктардан жасалган суусундуктар эми кыргыз тойлорунда жаңычылдык жасоодо. 

Айрым той ээлери газдалган ден соолукка зыян келтируучу ширелердин ордуна кымыз, бозо, жарма, куурума чай ж.б.у.с улуттук суусундуктарды дасторкон устуно коё баштады. Келген меймандар бир четинен таң беришсе, бир жагынан кубануу менен ичишкенин айтышат. Туптуура, андай көп адам үчүн ал суусундуктарды кантип даярдайм деген суроо сизде да пайда болду. Өлкөбүздө тейлөөчү кызматтар өнүгүп жатканына байланыштуу ал маселени да оңой чече турган атайын топ бар. Эң кызыгы суусундуктарды жөн гана алып келбестен той күну ошол жерден өздөрү улуттук кийим жана көөкөр, чанач сындуу идиштери менен кошо келип кызмат көргөзүшөт. Кызмат баасы тейлөөчү адамдардын санына жана суусундуктардын көлөмүнө жараша болот . Маселен, бир литр кымыздын баасы 70-100 сомго чейин болсо, куурума чайдын литрин 25 сомдон дярдашат. Чакырган конокторуңуздун санына жараша алдын ала көлөмүн айтып, баасын чечип алсаңыз болот. Ал эми байланышуу учун той уюштуруучуларына кайрылыныз. Мына ушул жана башка тойдогу жаңычылдыктар менен  иш күндөрү саат 1030 жана 1730 да калтырбай тыңдаңыз.