Тойдогу өзгөчө баштыктар…

Тойго чакыруу келди дегенде эле баштык – үштүгүбүздү камдап алып жөнөп калабыз. А бирок “баягы эле окшош тойлордун бири болот да” деген ой ар бирибизге келсе керек. Жипке тизгенсип айырмасыз окшош өткөн тойлордон өзгөчөлөнткүңүз келсе бул рубрика сиз үчүн.

Той өткөрүүдөн дагы дасторконду жайнатуу жана аны кайра жыйнап кетүү боюнча алдыга киши салдырбайбыз го чиркин. Ал сырыбызды жакшы билгенибиз үчүнбү, айтор тойканага киргенде эле дасткоркондун четиндеги “Айген” баштыктар дароо көзгө урунат. Апаларыбыздын арасында эки жактан келген баштыктарды тыпыйтып бүктөп “коллекция” чогулткандары да көп. Дал ошол дос туугандын эсинде калчу жөпжөнөкөй тойдогу баштыкты өзгөчөлөнтүү үчүн ыкма сунушталат.

Мисалы, Айбек менен Айгүлдүн үйлөнүү тою болсо “Айген” жазуунун ордуна “Айбек  Айгүл бактылуу болгула” деген сыяктуу жазуулары бар баштыкты келген меймандарга берсе болот. Бул нерсенин чыгымы да анчалык кымбат эмес.Бир даанасы 15 сомдон турган баштыкты 300 адамга 4500 сомго гана жазатса болот. Мына ушундай эң жөнөкөй жана оригиналдуу кенештер сиздин тойду өзгөчөлөнтсүн. Иш кундөрү 10:30 жана 17:30 да Тойчуманды калтырбай тыңдаңыз.