Татыктуу жеңишке – татыктуу сыйлык!

Күндүн жакшы жаңылыгы. Бүгүн, 23-августта Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясында “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи өтүүдө.

Анда өлкө башчы Садыр Жапаров Олимпиадада күмүш байгеге ээ болгон балбандар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбековага II даражадагы “Манас” орденин тапшырып, 10 миллион сом жана Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унаа белекке берди.