Ырчыны ырдатпай күлкүгө бөлөгөн Нурлан Насиптин күйөрмандары…

Угармандарын ушунчалык жакшы көргөн Сүйүнчү радиосу бул күздүн башкы долбоору “Жылдыздуу отурушту” дагы да болсо улантат. Буга чейин белиглүү болгондой биринчи коногубуз Кыргызстандагы эң көп күйөрманы бар ырчы айым Анжелика Кайратовна болгон.

Ал эми кандай гана ыр ырдабасын дароо хитке айланган, кыргыздын сүймөнчүктүү ырчысы Нурлан Насип менен жолугушууга бир апта мурун чакыруу ойнотуу башталганда эле күйөрмандары абдан көп экенин байкадык. Оюнга катышуу үчүн телефон чалуулар биринин артынан бири үзүлгөн жок.

Көптөн күткөн күн келип, жолугууга ырчыдан ашып күйөрмандар абдан катуу даярданып келишкенин көрдүк. Сүйүктүү ырчысы менен бир дасторкондо отуруп, чогу ырдап, түбөлүк эстеликке кала турчу сүрөткө түшүү алар үчүн баа жеткис болгонун айтып, сүйүнгөндөрүн жашырышкан жок. УСүйүнчүнүн угармандарына жандуу аткаруу, жакшы сөз кол тамгаларын калтырган Нурлан Насип эфир үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми бул жуманын жылдызы  кыргыз эстрадасынын ханышасы, тойлордун көркүн ачкан ырчы кыз Айгерим Расул кызы болот.