Сүйүнчү! Ырчы Айпери Кубик кызы кыздуу болду!

Сүйүнчү! Бүгүн 5-сентябрда ырчы Айпери Кубик кызы кыздуу болду. Ал бул тууралуу инстаграм баракчасынан сүйүнчүлөдү.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы жолдошу Шухрат менен Даян жана Раян аттуу уулдарды тарбиялап келишкен.

Ымыркайдын боосу бекем болуп, ар бир кыргыз үйүндө Сүйүнчү жаңырсын!