Сүйүнчү! Назбек Кенчинбаев жана Нурайым Азыкбаева кырк жылкылуу болушту…

Бири кылк кыякта, бири комузда кол ойнотуп, жансыз аспапка жан киргизген таланттуу жана таттуу түгөйлөр Назбек Кенчинбаев менен Нурайым Азыкбаева бүгүн 23-сентябрда кыздуу болушту. Бул тууралуу белгилүү комузчу Назбек Кенчинбаев социалдык баракчасына сүйүнчүлөдү. Белгилей кетсек, жылдыздуу түгөйлөр 2016 – жылы баш кошушкан.

Өнөрлүү үй бүлөдө төрөлгөн ымыркайдын боосу бекем, ден соолугу чың болсун!

Элибизде наристелер көп төрөлүп, Ала Тоо арасында Сүйүнчү гана жаңырсын!