ЖАЙДАРЫ ЖАША!

24 – сентябрь, бул күнгө карата жылдыздар төлгөсү

Кой-Темирдей тартип гана сизди ийгиликке алып барат. Күчтөнүңүз.

Букачар-Асмандагы жылдызды эле кыялдана бербей, реалдуу жашоодогу иштериңизди аягына чыгарыңыз.

Эгиздер-Ийгилик сиз тарапта. Тоскоолдуктарга жана коркунучтарга карабай, кыймылдаңыз.

Бөйөн-Бүгүн болуп көрбөгөндөй сабырдуу болуу сунушталат.

Арстан-Тоону да тоңкоруп салууга күчүңүз бар экенин сезип жатасызбы? Анда эмнени күтүп жатасыз, чамдаңыз.

Бийкеч-Таарынычтардан арылыңыз. Жакындар менен сырдашып , чер жазганга эмне жетсин.

Тараза-Бүгүн кыла турчу иштерди эртеңкиге калтыруунун эмне кереги бар? Учурду туура пайдаланыңыз.

Чаян-Алма быш оозума түш деген ыкма жарабайт, пландарыңыз ишке ашайын деп калды. Аракет кылыңыз.

Жаачы-Бүгүн эч нерсени пландабай эле коюңуз. Бул күн өзү эле сиз үчүн сонун сюрприздерди даярдап койду.

Текечер-Көк беттигиңиз бүгүн маселени чечүүдө жардамын бербейт. Башкалардын да оюн уга билиңиз.

Суупери-Сиз жана жаратылыш! Сизх жана каалоолор! Сиз жана гармония! Башканын кереги жок.

Балыктар-Жеке жашоодо чечим чыгарууда бир тарапты эле күтүп отура бербестен, сиз дагы өз оюңузду билдириңиз.