ЖАЙДАРЫ ЖАША!

23-сентябрь, жылдыздар кеңеши

Кой жылдызы- «Качан, качан каалаганыма жетем»-деп жаттыныз беле? Мына, бүгүн максатыңызга жетүүгө бир кадам калды. Чамдаңыз.

Букачар- Толгон токой маселелерди ойлонуп отура бербей, план түзүп алсаңыз, кадимкидей жумушуңуз ирээттелип, жыйынтык берет.

Эгиздер-Сиздин жайдары маанайыңыз өзүңүздөн көз каранды. Татаалдаштырбай, жашоонун агымы менен сүзүү сунушталат.

Бөйөн-Оюңузга биринчи кандай чечим келсе, ошону ойлонбостон аткарыңыз.

Арстан-Бүгүнкү күндү өзүңүзгө арнап, каалоолоруңузду орундатыңыз.

Бийкеч-Айланаңызда болуп жаткан ар бир кырдаалга жакшылап баам салыңыз. Көптөн күткөн суроого жооп аласыз.

Тараза-ылайыктуу учурду күтпөңүз, ар учур ийгиликке ылайыкталган, сизде эле каалоо болушу керек.

Чаян-«Эмне кылып жатам, ишимдин жыйынтыгы барбы, максатым кандай»? ушул өңдүү суроолорго жооп табыңыз.

Жаачы- Күн тартибин сактаныз. Күнүңүздү ийне-жибине чейин пландап алганыңыз туура.

Текечер-Тобокелчиликке баруудан коркпоңуз.

Суупери-Чектөөлөргө  көңүл бурбаңыз, бүгүн каалагаңызды кылыңыз.

Балыктар-Жалкоолук каптап жатабы? Бүгүнчө эч нерсе болбойт.